Өкмөт башчы көмүр кенинде үч адамдын өмүрүн алган кырсыкты териштирүүнү тапшырды

© Азамат АйтбаевКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район акиминин биринчи орун басары Мурадин Тешебаев окуучулар эки башка үйдүн балдары экенин, алар көмүр казууга ата-энесинен суранбай чыгышканын билдирген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга Кара-Суу районундагы Кожокелен айылындагы көмүр кенинде үч адамдын өмүрүн алган кырсыктын себептерин териштирүүнү тапшырды.

Көмүр шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүр шахтасынан топурак басып калган окуучулар ата-энесинен суранбай кетишкен
Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында "Кайнар" кенине көмүр казууга барган 22 жаштагы жаранды жана эки мектеп окуучусун топурак басып каза болушкан. Район акиминин биринчи орун басары Мурадин Тешебаев окуучулар эки башка үйдүн балдары экенин, алар көмүр казууга ата-энесинен суранбай чыгышканын билдирген. 

Премьер-министр аталган кендеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча иликтөө жүргүзүү менен кенди иштеткен ишкана жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырды. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына ички териштирүүнүн негизинде техникалык коопсуздук эрежелерине тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөн кызматкерлерге карата чара көрүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0