БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын айрым аймактарында акылдуу эсептегичтер орнотула тургандыктан, электр жарыгы бир нече саатка өчүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Тыныстанов, Лев Толстой, Легвиненко, Кулатов, 18-линия, Панфилов, Сухомлинов, Жаманбаев, Айни көчөлөрүндөгү үйлөргө акылдуу эсептегичтер орнотулат.
Андыктан электр жарыгы бир нече саатка өчүшү мүмкүндүгүн "Түндүкэлектрден" маалымдашты.
"Түндүкэлектр" ишканасы электр жарыгын үнөмдүү жана аны жарандардын уурдабашы үчүн акыркы 2-3 жылдан бери акылдуу эсептегичтерди орнотуп келет. Акылдуу эсептегичтер алгач жаңы конуштун тургундарына жана көп кабаттуу үйдө жашагандарга коюлган.