Бишкекте 500 жакыр үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды

Жазылуу
Буга чейин акимиат 750 тонна көмүр сатып алууга тендер жарыялаган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда жакыр үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер көмүр таратууну аяктады. 

Мэриянын маалыматка ылайык, Октябрь районунун социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан кыш мезгилине карата 750 тонна көмүр сатып алынган.

Жардам алуучулардын катарына I жана II топтогу майыптар, алты миң сомго чейин пенсия алган жарандар алат. Мындан тышкары, бекер отунга майыптары бар үй-бүлөлөр, бир кишиге 1 миң 465 сом каралган жакыр үй-бүлөлөр ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0