Оорулуу жана жетим балдар менен иштеген адистердин билими жогорулайт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй күнгө созула турган иш-чарада тарбиялануучуларды окутуу жана аларга туура мамиле жасоонун ыкмалары талкууланат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Балдар үйлөрүнүн жана интернаттык мекеме адистери үчүн семинар башталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мечитте баян окуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дин кызматкерлери Москвадан сабатын арттырып келет
Окуу 4-7-ноябрь күндөрү өтүп, үч секцияда иштейт. Алгач интернат тарбиялануучуларын окутуу жана аларга мамиле жасоонун инновациялык ыкмалары талкууланат. Экинчи бөлүктө атайын жалпы билим берүү жайлардагы балдар менен иштешүү тууралуу маалымат берилсе, кийинкисинде саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып баруунун психологиялык жана медициналык жагы талкууланмакчы.

Иш-чарага Билим берүү жана илим, Социалдык өнүгүү министрликтерини жана Евразиялык фонддун өкүлдөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0