Мигранттын айкөлдүгү: кайтарылган капчык, балдарга которулган акча

© предоставлено Забехулло ШафеъзодойТаксичи Забехулло Шафеъзода. Архив
Таксичи Забехулло Шафеъзода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура бир жума мурун тажикстандык таксист Москванын тургунуна дүкөндөн жоготуп жиберген капчыгын кайтарып берген. Эми Забехулло Шафеъзоданы телеберүүлөргө чакырып жана ага ыраазычылык билдириш үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан чалып жатышат.

Бишкекте азиз киши капчыгын түшүрүп алганда, көзү көргөндөрдүн мамилесине таңгаласыз
Москвага келип такси айдап жүргөн Забехулло Шафеъзода өзүнүн жасаган жакшы иши менен дүйнөгө таанымал болду. 25 жашар жигит дүкөндө түшүп калган капчыкты анын ээси – москвалык бир кызга кайтарып берген. 

Кыздын аты-жөнү Алена Куратова. Ал окуя жөнүндө соцтармактарга жазып, тажик таксисттин телефон номери көрүнгөн скриншотту чыгарган. 

Соцтармакты пайдалануучулар флешмоб жарыялап, таксистке ак ниеттиги үчүн ыраазылык катары анын телефонуна акча сала башташкан. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Шафеъзода менен байланышып, эмне үчүн капчыкты ээсине кайтарууну чечкенин билди. 

— Саламатсызбы, Забехулло! Биринчиден, жасаганыңыз үчүн ыракмат! Москвага келгениңизге канча болду? 

— Саламатсызбы! Тажикстандан Москвага 2008-жылы келгем. 

— Үйлөнгөнсүзбү? 

— Ооба. Мекенимде жубайым жана эки балам бар. Мүмкүн болушунча аларга каттап турам. 

© предоставлено Забехулло ШафеъзодойТаксист из Таджикистана рассказал, почему он вернул кошелек москвичке
Таксист из Таджикистана рассказал, почему он вернул кошелек москвичке - Sputnik Кыргызстан
Таксист из Таджикистана рассказал, почему он вернул кошелек москвичке

— Дүйнөгө таанылып, атыңыз чыкканын жакындарыңыз кандай кабыл алды? 

— Алар үчүн бул өтө жагымдуу окуя болду. Мени өзүлөрү ушундай тарбиялашкан да. 

— Эми 28-октябрда эмне болгонун айтып бериңизчи? 

Баткен шаарында улгайгандар үчүн чайхана-борбор ачылды
— Ал күнү кечинде дүкөнгө кирсем, жерде бир капчык жатыптыр. Колума алып, кимдики деп сурасам, эч ким жооп берген жок. Капчыкты ачып, телефон номуру же визитка бар бекен деп карадым. Түрдүү карталардан башка эч нерсе жок болуп чыкты. Дагы банк карталары бар экен. Бирин алып, ага телефон аркылуу он рубль салдым да, капчык таап алдым деп билдирүү кошуп койдум. Өзүмдүн телефонумду да жазгам. Бирок жооп болгон жок. Ошондо экинчи картага да 10 рубль салып, баягыдай кат жаздым. Бир аздан кийин капчыктын ээси байланышка чыгып, каалаган жерге келе турганын айтты. Мен өзүм келем десем, ал дарегин берди. Мен барып капчыгын колуна карматтым. Чоң кыз ыраазы болуп калды. Мен да. 

— Капчыктын ээсин эмне анча тырышып издедиңиз? 

— Мен ошондой тарбия көргөм,бирөөнүн оокаты эч жакшылык алып келбесине ишенем. Капчыкты кайтарып бербесем, тынч ала алмак эмесмин. Анан калса, ичиндеги картанын баарын кайра калыбына келтиргенге тиги кыздын өтө эле көп убактысы кетмек. 

— Соцтармактардын сизге ыраазы болгон пайдалануучулары салган акчалардан баш тартканыңызды уктук. Бул чынбы? 

Балдар үйүнүн таттуу "бизнеси": жетимдерди мектепке кантип даярдашат
— Ооба. Ал кыз окуя туурасында соцтармактарга жазып, менин номеримди чыгарып койгондон кийин телефонума акчалар түшө баштады. Ар кандай кишилер салып жатты. Бири 10 рубль, бири 50. Ал тургай, бирөө миң рубль салып жибериптир. Капчыгын кайтарып берген Алена Куратова деген кыз оорулуу балдарга жардам көрсөтө турган фондду жетектейт экен. Мен ал акчаларды алып ошо кыздын фондунун эсебине которуп койдум. Анан ал кыз фонд жардам берип жаткан кичинекейлердин арасында тажикстандык эки жашар Насритдин бар экенин айтты. Мен баягы которгон акча ошол баланы дарылаганга жумшалсын деп сурандым. Алена ошондой кылды. 

— Телефонуңузга канча акча түшкөнүн билсе болобу? 

— Фондго жиберейин деп акчаны алып жатканда 7550 рубль болчу. Бирок акча азыр деле түшүп жатат. 

— Сиздин жасаганыңыз ушундай даңкка ээ болгондон кийин турмушуңузда бир нерсе өзгөрдүбү? 

— Мага телефон чалып жылуу сөздөрүн айткандар көп. Нью-Йорктон, Ирландиядан да чалышты. Дүйнөнүн бардык бурчунан чалып, жасаганым үчүн ырахмат айтып жатышат. Ал тургай, Тажикстандын элчилиги да мага байланышка чыкты. Ыраазылык билдиришти. Бул өтө жагымдуу. 

— Ишке орноштуруу жөнүндө кандайдыр бир сунуштар болдубу? Эми сиздин ак ниет, чынчыл экениңизди эл билет да. 

— Жок. Азырынча бул боюнча чалыша элек. Баса, мен капчыгын кайтарып берген Алена мени да, аны да телеберүүгө чакырып жатышканын айтты. Макул болдум. Ушул ишембиде тартышат. 

— Пландарыңыз жөнүндө билсек болобу? 

— Азырынча такси айдап эле иштейм. Анан көрө жатарбыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0