Депутат: парламентте көлөччөн, самсаалап кийингендер жүрөт

Жазылуу
Асылбек Жээнбеков бул чакырылыштагы депутаттардын креслосу эски бойдон калгандыгын билдирди.

БИШКЕК, 4-ноя — Sputnik. Депуттар парламент имаратына көрүнгөндүн баарын эле киргизе бербеш керектигин жана анын ичинде кийинип жүрүү тартиби туурасында сөз кылышты. Бир катарлары бул жаатта жумшагыраак талап коюу зарылдыгын айтты. 

Бул багыттагы суроолор ЖКнын төрагалыгына талапкер Жээнбековго берилип, каалоо иретинде айтылды.

Депутат Дастан Бекешовдин айтымында, айыл жергесинен келгендер колунда болгонун кийип келгендиктен, алар кээде мунун айынан депутаттын кабыл алуусуна кире албай калат. 

"Мындай чечимди сиздер түздөн-түз кабыл албагандыгыңыздарды билем. А бирок кээ бирөөлөр элди андай кийими менен ЖК имаратына киргизбей келишет", — деди ал.

Депутаттардын бир катары парламенттин имаратына ар кыл агымга чакырган, самсаалаган кийимчендер кирип кетип жүргөндүгүн айтышты.

"Парламенттин ичине көлөччөн, самсаалаган кийим менен молдолор жүрөт. Муну караш керек го", — деди Рыспаев. 

Ал журналисттер менен айдоочуларга бул жааттагы талапты жумшартуу зарылдыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0