Электрондук энциклопедиянын 6-7-тому чыкты

Жазылуу
Презентацияланып жаткан көп тармактуу электрондук энциклопедия 14 китеп болуп, 14 багытты камтыган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Улуттук энциклопедиянын 6-7-томунун бет ачар аземи болуп өткөнүн Улуттук илимдер академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президент аппаратынын, өкмөттүн өкүлү, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы катышты.

Википедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Википедиясы бардык түшүндүрмөсү менен 50 миң сөзгө толукталды
Энциклопедиянын баш редактору, академик Үсөн Асановдун айтымында, энциклопедиянын биринчи чыгарылышына даярдык 1976-жылы так ушул Улуттук илимдер академиясында башталган. Андан бери энциклопедиянын 40 томдугу чыгарылган. 

Презентацияланып жаткан көп тармактуу электрондук энциклопедия 14 китеп болуп, 14 багытты камтыган. 

Китептердин бет ачарында энциклопедия чыгаруунун көйгөйлөрү жана жетишкендиктери, тармактык энциклопедия жөнүндө талкуу жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0