Чемпион Касымбеков: атаандашым сыяктуу эле ыйладым

© предоставлено Уланбеком КасымбековымКикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгон Уланбек Касымбеков.
Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгон Уланбек Касымбеков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командадагы досторум беттешүүнүн кайсы бир учурунда Богаудир мени өлтүрүп коет экен деп ойлошуптур. Бирок башталышында жеңиле тургандай болуп, атаандашымды чарчатып туруп жеңип алдым, дейт кыргызстандык спортчу.

Өткөн жуманын аягында кыргызстандык Уланбек Касымбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн 54 килограммга чейинки салмак ченинде кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Жеңишке карай жол, көчө мушташы, машыктыруучусу жана апасы тууралуу Sputnik агенттигине чемпион өзү айтып берди.

— Уланбек, жеңиш кандай сезимдерди жаратты?

— Мен деле марокколук атаандашым сыяктуу ыйладым, бирок менин көз жашым сүйүнүчтөн улам акты. Эч кимге көргөзбөгөнгө аракет кылдым. Атаандашым кармана алган жок. Акыркы беттешүү мен үчүн абдан оор болду, анткени Иссам Баугадир өтө күчтүү спортчу. Бирок, натыйжада мен чемпион болдум.

© предоставлено Уланбеком КасымбековымӨткөн жуманын аягында кыргызстандык Уланбек Касымбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн...
1/2
Өткөн жуманын аягында кыргызстандык Уланбек Касымбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн...
© предоставлено Уланбеком Касымбековым...54 килограммга чейинки салмак ченинде кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду.
2/2
...54 килограммга чейинки салмак ченинде кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду.
1/2
Өткөн жуманын аягында кыргызстандык Уланбек Касымбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн...
2/2
...54 килограммга чейинки салмак ченинде кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду.

— Кандайдыр бир кемчиликтер болгондур?

— Командадагы досторум беттешүүнүн кайсы бир учурунда Богаудир мени өлтүрүп коет экен деп ойлошуптур. Алгач көп ката кетирдим, бирок калыбыма келип, уруштун сапатын жакшыртып кеттим окшойт. Менин өзгөчөлүгүм — өтө кыймылдуумун, мелдешти өзүмдүн ыгыма карап өткөрүүгө аракет кылам. Башталышында жеңиле тургандай болуп, атаандашымды чарчатып туруп жеңип алам.

— Кайда жүрүп кикбоксингге жолугуп калдыңыз эле?

Самбо боюнча дүйнөлүк мелдештен кыргызстандык милиционер коло медаль менен кайтты
— Жашым 25те. Жалал-Абаддан болом, бирок акыркы жети жылдан бери Бишкекте туруп, машыгып келем. Буга чейин эркин күрөш менен алектенчүмүн. Бир жолу көчөдөн топтошкон балдар таяктап кетти. Ошондо өзүмдү коргоону үйрөнүшүм керек экенин билдим. Кикбокиснг секциясына досум ээрчитип келген. Машыктыруучум Алтай Өмүрбаевдин эмгеги менен ушул деңгээлге жеттим. Дагы бир айта кетчү нерсе — ошо менен көчөдөн мушташканым токтоду. Кыргызстанда кикбоксингдин мыкты мектеби түптөлгөн, бирок баары эле келип каржы маселесине такалат. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен гана чемпионатка катышып калдым. Машыктыруучум өзү чуркап, каражат тапты. Чемпионатка даярданып, анан акча издөө бир топ эле татаал иш.

— Машыктыруучуңуз менен мамилеңиз кандай?

— Абдан жылуу мамиледебиз. Ал мага атамдан кийинки эле атам болуп калды. Биз анын үй-бүлөсү үчүн өз балдарындай элебиз. Дайыма камкордук көрүп келишет.

— Сиздин үй-бүлөңүз кесибиңизге кандай карайт? Дайыма эле көк-ала болуп жүрүү оңой эмес болсо керек…

— Алгач апам аябай нааразы болуп, мени аяп жүрдү. Кийинчерээк баары көнүп кетишти. Менден кичүүлөрү мага окшошкулары келип аракет кылышат. Бир иним шаарга келип машыгууга ниеттенип жатат.

— Кийинки кадамдарыңыз кандай болот?

— Аябай чарчадым. Эс алам. Чемпионаттын алдында арыктоого туура келди. Анан, албетте, кийинки мелдештерге даярдануу керек. Башкысы — келечегим алдыда экенине ишеним күч!

Жаңылыктар түрмөгү
0