Дене тарбия жана спорт академиясынын жатаканасынын жанында жаңжалдашкандар ким?

© flickr.com / Delaney TurnerБинттке оролгон колдор. Архив
Бинттке оролгон колдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-октябрда түнкү саат 11лер чамасында Малдыбаев жана Суеркулов (мурдагы Донецк) көчөсүнүн кесилишенде орун алган жатакананын жанында жаңжал чыгып, анда курал колдонулган болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт академиясынын жатаканасынын жанында болгон окуяга аталган окуу жайдын студенттеринин тиешеси жок экенин тарбия жана спорт боюнча проректор Мыктыбек Тагаев Sputnik агенттигине билдирди.

29-октябрда түнкү саат 11лер чамасында Малдыбаев жана Суеркулов көчөсүнүн кесилишинде орун алган жатакананын жанында жаңжал чыгып, анда курал колдонулган болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган

Проректор Тагаевдин айтымында ал өзү барып, окуянын чоо-жайын билген.

"Негизи ал жерде биздин студенттер болгон эмес. Мен барып студенттер менен сүйлөштүм. Студенттерибиз мушташса биз дароо билип, учурунда чара көрмөкпүз. Ал жакта окуя түнкү саат 11ден кийин болуп жатат. Мен айтып коюшум керек, биздин жатакананын эшиги, вахта саат 11де сөзсүз түрдө жабылат. Жатакана ачылгандан бери ошондой тартип бар", — деди ал.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Малдыбаев жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болду
Ал ортодо Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (мындан ары – Архитектура университети) жетекчилиги жаңжалга алардын студенттери катышпаганын айтып, уруш спорт академиясы менен Октябрь РИИБдин кызматкерлеринин ортосунда чыкканын айтты. Мындай жыйынтык университет тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда чыккан.

Белгилей кетсек, аталган райондо Архитектура университетинин, Дене тарбия, спорт академиясы менен Октябрь РИИБдин жатаканасы бир-бирине жакын жайгашкан.

"Жаңжалга биздин студенттердин эч кандай тиешеси жок. Кайым айтышуудан ок атуучу курал колдонулганга чейин жеткен жаңжал РИИБдин кызматкелери менен Дене тарбия академиясынын студенттеринин ортосунда болгон", — деп айтылат окуу жай тараткан билдирүүдө. 

Окуу жайдын жетекчилиги ошондой эле, бул чырга алардын студенттери катышты деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, такталбаган маалыматтар окуу жайдын аброюна шек келтире турганын билдирет. 

"Буга чейин Олимпиадалык резерв окуу жайынын жана №38 мектеп окуучулары ортосунда болгон окуяларды эске алуу менен биз ата-энелеринин жана министрликтин алдында актанууга аргасыз болуудабыз. Себеби, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү өз жетекчилиги алдында актаныш үчүн чырды Архитектура университетинин студенттерине оодара салды", — деп айтылат алар тараткан билдирүүдө.

Ал эми Дене тарбия жана спорт академиясынын тарбия жана спорт боюнча проректору Мыктыбек Тагаев алардын дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. Себеби, алардын студенттери чындап эле мушташкан болсо, сөзсүз түрдө маалыматы болмоктугун айтат.

"Биздин балдар эч кандай жаңжалга катышпаганын мен 100 пайыздык кепилдик менен айта алам. Саат 11ден кийин болгон окуяга алардын биринин да тиешеси жок. Себеби, жатакананын вахтасы 11де сөзсүз түрдө жабылат. Окуя эшик жабылгандан кийин болуп жатат. Бир нерсе болсо эле бизге түртө салып, шыбаганга көнүшкөн", — дейт Тагаев. 

Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жетекчилиги келип, жаңжал чыгарган балдар силер жактан чыгыптыр деп алардын коменданты менен сүйлөшүп кеткен. 

"Комендант кандай болгонун айтып берген, ал чындап эле сыртка чыккан. Сыртта 20-30дай чоочун балдар жүргөн. Ал жерде мушташ эмес, кыйкырык-чуу болгон. РИИБдин кызматкерлери келгенде балдар качып кеткен. Бир да бала жатаканага кирген эмес", — деп кошумчалады Тагаев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы да Архитектура университетинин тараткан билдирүүсүн кескин четке кагып, айтылган дооматтар негизсиз дейт. 

"Дене тарбия жана спорт академиясынын жатаканасынын алдында балдар отурган. Алардын ортосунда кайым айтышуу болгон. Алар милиция келгенде качып кетишкен. Андыктан, Архитектура университетинин тараткан билдирүүсү чындыкка коошпойт. Себеби, биз тараптан жаңжал Дене тарбия академиясы менен Архитектура университетинин студенттеринин ортосунда болгон деген маалымат таратылган эмес", — деп милиция өз пикирин билдирди. 

Ошондой эле, курал колдонулду деген билдирүү да туура эмес экенин шаардык милициянын басма сөз кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0