Вице-мэр: Оштогу эстакадалык көпүрө менен тротуар, тепкич маселесин чаташтырбоо керек

© Айша Камилова Оштогу эстакадалык көпүрө. Архив
Оштогу эстакадалык көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында "кылым курулуш" деп аталган эстакадалык көпүрө салынып бүтүп, мындан беш күн мурда пайдаланууга берилген. Бирок, социалдык тармактарга көпүрө жана анын тегерегиндеги курулуштар сапатсыз жасалган деген маалыматтар чыгып кетти.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Оштогу эстакадалык көпүрөнүн жанындагы сапатсыз салынды деген тротуар, тепкич маселесин өтмөктүн өзүнүн сапатына байланыштырууга болбойт деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов Sputnik маалымат агенттигине.

Ош шаарындагы курулуштар боюнча жооптуу болгон вице-мэр Ормонов эстакадалык көпүрөгө байланыштырылып социалдык тармактарга чыгып кеткен сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берип, анын себептерин айтты. 

© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
1/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
2/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
3/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
4/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
5/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
© Айша КамиловаЖаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
6/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
1/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
2/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
3/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
4/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
5/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл
6/6
Жаңы бүткөн курулуштун сүрөттөрү. 2-ноябрь, 2015-жыл

Ормонов бул маселени жаңы көпүрөнүн сапаты менен чаташтырбоого чакырды. Жаңы гана бүткөн көпүрөнүн сапаты боюнча маселе жаралса, анын жоопкерчилигин өзүнүн моюнуна аларын кошумчалады.

"Ал жерлердин көпүрөгө эч кандай тиешеси жок. Көпүрөдөгү тирөөчтөргө дагы, ал жердеги башка курулуштун сапатына дагы жоопкерчиликти алып, жооп бергенге даярмын", — деди вице-мэр Ормонов.

Ал эми тротуралардагы тепкичтерге төшөлгөн мрамор таштардын талкаланып калышы анын сапатына байланыштуу эмес деген пикирин айтты.

"Мрамор таш төшөлгөн тепкичти атайылап сындырышкан же бир оор жүктү ошол жерден сүйрөп өткөн. Мен аларды өз көзүм менен көрүп келдим, ал эми кайрадан калыбына келтирилет", — деди вице-мэр.

Тротуарда брусчаткалар төшөлгөн жер эмнеге ийилип кеткен деген сурообузга төмөнкүчө түшүндүрмө берди.

"Дагы бир ирет айтам, ал жердин көпүрөгө тиешеси жок. Бул жаңы бүткөн аймак. Биз андай жаңы курулушту бүтүргөндөн кийин атайын суу коюп, сынайбыз. Эгерде эрежелерге жооп бербесе кайрадан жасалат. Бул боло жүрчү өзүбүздүн эле күнүмдүк иш-аракеттерден", — деди Ормонов. 

Ош шаарында "кылым курулуш" деп аталган эстакадалык көпүрө салынып бүтүп, мындан беш күн мурун, 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилип, ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Көпүрөнүн курулуш иштерине Россиянын гранттык каражаттарынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265 метр, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар кыймылы төрт тилке менен жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0