Милицияга өз ыктыяры менен курал-жарак тапшырылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча жана ок куралдары. Архив
Тапанча жана ок куралдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги өз ыктыяры менен курал-жарак жана ок-дары тапшырган жарандар жоопко тартылбай турганын эскертет.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери тарабынан өткөн "Арсенал" рейдинин алкагында бир катар жарандар өз ыктыяры менен курал-жарак тапшырганын ИИМ билдирди.

Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рейд учурунда табылган куралдар текшерүүгө жиберилди
Маалыматка ылайык, Таластан Жон-Арык айылынын 32 жаштагы тургуну Калашников автоматынын 21 огун тапшырса, Жайыл районунун жашоочусу 16-калибрлүү мылтыгын милицияга өткөрүп берген. 

Ошондой эле Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну Чоң Чүй каналынын жээгинен таап алган газ тапанчасын өз ыктыяры менен тапшырып кеткен.

Министрлик өз ыктыяры менен курал-жарак жана ок-дары тапшырган жарандар жоопко тартылбай турганын эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0