Режиссер Талгат Асыранкулов көз жумду

Жазылуу
Сүрөтчүлөр жана Кинематографисттер союзунун мүчөсү, белгилүү режиссер жана сценарист менен коштошуу зыйнаты Москва көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишиндеги аймакта өтөт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мыкты сүрөтчү, режиссер жана сценарист Талгат Асыранкулов мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын Кинематография департаменти билдирди.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акын Барчынбек Бугубаев каза болду
Маалыматка ылайык, Сүрөтчүлөр жана кинематографисттер союзунун мүчөсү Асыранкулов 54 жашында көз жумду. Ал өз кезегинде СССР кулагандан кийинки маалда автордук багыттагы кыргыз киносунун өнүгүшүнө ат көтөргүс салым кошкону менен белгилүү. 

Талгат Асыранкулов менен коштошуу зыйнаты бүгүн саат 12.00дө Москва көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишиндеги аймакта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0