Маданият ишмерлери кесиптик майрамын белгилөөдө

Жазылуу
Майрамга карата бир катар чыгармачыл адамдарга, маданият ишмерлерине "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы ыйгарылып, Ардак грамоталар тапшырылмакчы.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда маданият ишмерлеринин кесиптик майрамы өтүүдө.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүндө, майрамга карата бир катар чыгармачыл адамдарга, маданият ишмерлерине "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы ыйгарылып, Ардак грамоталар тапшырылмакчы.

Мындан тышкары, түштөн кийин саат 16.00дө улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара өтүп, ал ири программадагы концерт менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0