Сариев: милициянын ишмердиги коомдун өзгөчө бир көңүл борборунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев. Архив
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу милиция кызматкерлерин куттуктап жатып, Жол-кайгуул кызматы менен күзөт-кайгуул кызматын кошуп, кайгуул милициясыны түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына арналган салтанатка катышып, өлкө коопсуздугу жана мыйзамдуулуктун сакталышынында милициянын мааниси өтө жогору экенин белгиледи.

Ал милиция кызматкерлерин куттуктап, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын ишмердигине коом өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтты.

"Милиция кызматкерлерине мамлекеттин атынан коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, аларга жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо милдети берилген. Азыр милиция алдыда мамлекеттүүлүктү чыңдоо, коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу милдети турат", — деди Темир Сариев.

Милиция кызматкерлери стройдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: милиция кызматкеринин жаңы образын түзүүгө көңүл буруу керек
Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Ички иштер министрлигинде заман талабына жараша реформаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ага ылайык, экстремизм, терроризм жана оор кылмыштарга күрөштүү күчөтүү үчүн криминалдык милицияны түзүү жана Жол-кайгуул кызматы менен күзөт-кайгуул кызматын кошуп, кайгуул милициясыны түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Сариев мамлекеттик бийликке ишеним милициядан башталарын эскертип, кыска аралыкта жарандардын ишенимин толук түрдө кайтаруу милдети турганын белгиледи.

"Милиция кызматкерлери форма кийип, тартипти коргоо жоопкерчилигин өзүнө алган соң мыйзамды так сактап, маданияттуулуктун жана мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүшү зарыл. Ал эми форма кийген бир адамдын адепсиз жоругу жалпы укук коргоо кызматкерлеринин, дегеле мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүрөт", — деди Темир Сариев.

Дал ушул күнү, мындан 91 жыл илгери Кара-Кыргыз автоном облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алынып, аны жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0