БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мэрия УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте Бишкектин "Ала-Тоо" жаңы конушундагы жер тилкесин бөлүп берүүдө бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыкканын муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, мында жасалма финансылык документтер пайдаланылып, 400 миң сомдон ашуун ижара акысы төлөнгөндүгү айтылган. Бирок аталган каражат шаардык бюджетке түшкөн эмес.
Бул факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.