Баткен казыятынын өкүлү: каттоосу жок болсо, жаңы мечиттер ачылбайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечитте намаз окуу. Архив
Мечитте намаз окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда облуста жалпысы болуп 350 мечит болсо, 64ү каттоодон өткөн эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткен аймагындагы мыйзамсыз мечиттерди каттоо жана тактоо иштери кызуу жүрүүдө. Мындан ары жаңы курулган каттоосу жок мечитти ачуу аземи болбойт. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын мечит-медресе бөлүм башчысы Заирбек Жайнаков маалымдады. 

Баткен облусунда жалпы 350 мечит болсо, алардын ичинен 286 мечит каттоодон өткөн. Ал эми каттоодон өтө элек учурда 64 мечит бар. 

"Мечиттердин каттоодон өтпөй жаткандыгынын себеби — 2012-жылга чейин салынгандары ашар жолу менен тургузулгандыгына байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын уруксат бербегендигинде. Андан сырткары жарандардын үлүш жерине курулуп калган мечиттерди каттоодон өткөрүү иши көп убакытты алууда", — деди Жайнаков.

Кыргызстанда учурда өлкө аймагындагы каттоосуз иштеп жаткан мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү боюнча иштер жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0