Ырчы Омарга козголгон кылмыш иши токтотулду

Жазылуу
Омар каймана аты менен таанымал ырчы Өмүрбек Жанышев алдамчылыкка шектелип, июль айында Талас райондук соту аны бир ай камакка алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Төө буурчак иши менен алдамчылыкка барды деп шектелген ырчы Омарга козголгон кылмыш иши токтотулганын КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Анын себеби, кылмыштын белгилери аныкталган эмес.

Төө буурчак чуусу & Омар – ар кимдин өз чындыгы бар
Омар каймана аты менен таанымал ырчы Өмүрбек Жанышев алдамчылыкка шектелип, июль айында Талас райондук соту аны бир ай камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок, Талас облустук сотунун сот коллегиясы 3-августта ишти карап, райондук соттун токтомун өзгөртүп, ырчынын кармалуусун мыйзамсыз деп тапкан. Аталган ишти ошондой эле, Жогорку сот карап, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин берген кепилдиги менен өлкө аймагында эркин жүрүүгө уруксат кылынган

ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Талас районунун тургуну Болот Бейшеналиев укук коргоо органдарына кайрылып, Бакай-Ата районунун тургуну Нуржан Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев андан 40 тонна төө буурчакты "акчасын кийин беребиз" деп алышканын айтып, бирок акчасын кайтарып бере электигин билдирген. Аталган факты боюнча 2015-жылдын апрель айында Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0