Футбол федерациясы Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсүнө жолдомо ойнотот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Таджикистан футбол беттеши учурунда. Архив
Кыргызстан — Таджикистан футбол беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын расмий фан-клубуна өтүү керек.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Футбол федерациясы Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсүнө жолдомо ойното турганын аталган мекеме билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралия Кыргызстан менен боло турган оюнга күчтүү курамын чыгарат
Матч 2016-жылдын 29-мартында өтөт.

Жолдомого ээ болуу үчүн улуттук курама команданын расмий фан-клубуна мүчө болуу керек. Каттоо федерациянын сайтында жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, азырынча жеңүүчүнү аныктоо жолу иштелип чыгууда. Ар бир жүзүнчү болуп катталган күйөрман Федерациянын белегине ээ болот. Жолдомо кийинки жылдын март айында ойнотулат. 

Кыргызстандын курама командасы 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо туруна катышууда. Беш оюндун жыйынтыгы менен команда сегиз упай менен В тайпасында үчүн катарда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0