"Манас" аэропорту: жүргүнчүлөр Ошко үч саатка кеч учту

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортунун кызматкери. Архив
Манас аэропортунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак эртең мененки саат 7.20да учуп кетиши керек эле, бирок ал техникалык себептерге байланыштуу кармалып калды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аба майданынан Ош шаарына кете турган каттам үч саатка кеч учту деп билдиришти аэрпорттон.

Асфальт кую иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы "Манас" аэропортуна кетчү жолдун курулушун тездетүүнү талап кылды
Буга чейин социалдык тармактарга каттамдын кечигип жаткандыгына нааразычылыктар чыгып кеткен. 

Аэропорттон эртең мененки саат 7.20да уча турган учак техникалык себептерге байланыштуу кармалып калгандыгын билдиришти. Алар мынча убакытка чейин жүргүнчүлөрдү эмнеге зарыгып күттүргөнүн, ал эмне деген техникалык себеп экендигин ачык айтышкан жок. 

"ZM 193 рейсиндеги учак 10:20да бардык жүргүнчүлөр учуп кетти. Маселе чечилди", — деп билдиришти "Манастан".

Аэропорттун өкүлү, мындан сырткары, түркиялык тараптын техникалык себептеринен улам, Стамбулдан келе турган учак дагы жарым саатка кеч, таңкы 5.55те келип конгондугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0