"Тазалык" кышында шаар жолдорун тоңдурбай тазалоого даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдорду кардан тазалоо ишетри. Архив
Жолдорду кардан тазалоо ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишканада бүгүнкү күндө 18 кар тазалоочу унаа, төрт грейфердик жүк ташуучу унаа, 15 самосвал, беш щеткалуу трактор жана Т-25 үлгүсүндөгү бир трактор бар.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине толугу менен даяр экенин аталган мекеменин жетекчилиги журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилинин тазалап-жыйноо маалы 1-ноябрдан 1-мартка чейинки учурга туура келет.

Ишкана жолдордун абалына көзөмөл жүргүзүүчү атайы бригадалар дайындаларын, алар жолдорго керек учурда кум, туз сээп турарын белгилейт.

"Күз-кыш мезгилине карата 2946 тонна кум, 321 тонна туз даярдалды. Жалпы жонунан 7500 тонна кум жана 550 тонна туз талап кылынат. Учурда инерттүү материалдар шаар аймагына ташылууда", — дешти ишкана өкүлдөрү.

"Тазалык" ишканасында бүгүнкү күндө 18 кар тазалоочу унаа, төрт грейфердик жүк ташуучу унаа, 15 самосвал, беш щеткалуу трактор жана Т-25 үлгүсүндөгү бир трактор ишке даяр.

Мындан тышкары, билдирүүдө аялдама менен жөө киши баскан жолдорду кардан 590 киши тазалап, 113 жүк ташуучу жумушчу кол менен унааларга кар жүктөй турганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0