Бишкектин унааларында курал-жарак изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери автоунааны текшерип жатат. Архив
Милиция кызматкери автоунааны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен курал-жаракты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген жарандарга сыйлык каралган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте курал-жарак, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүүгө каршы багытталган "Арсенал" рейди өтүп жатканын Бишкек ШИИБ билдирди.

Токмокто бузулган наабайканадан Калашников автоматы табылды
Иш-чара 2010-жылдагы окуяларда уурдалган курал-жаракты табуу, өлкөгө ок-дарыларды мыйзамсыз киргизүүгө бөгөт коюуну максаттайт. Рейд 30-октбярга чейин улануусу каралган.

Укук коргоо органдары өкмөттүн 2010-жылдагы токтомуна ылайык, курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен милицияга тапшырган жарандарга сый акы төлөнөрүн эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0