Сариев менен Абэ апрель революциясынын курмандыктарын эскеришет

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүЯпониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ. Архив
Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын өкмөт башчысы Кыргызстанга дүйшөмбү күнү келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев менен Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар кое турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жол жабылган белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япония өкмөт башчысынын сапарына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат
Япон премьер-министри Кыргызстанга дүйшөмбү күнү Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келет.

Гүл коюу иш-чарасы саат 15.00дө "Ала-Тоо" борбордук аянтында өтөт.

Мындан беш жыл мурун 7-апрель күнү Кыргызстанда элдик революция болуп, натыйжада президент Курманбек Бакиев өлкөдөн качып кеткен. Анда аянтта 77 адам каза болуп, дагы 400ү жарадар болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0