Кыргызстан КМШ космостук изилдөө институтун түзүү боюнча протоколго кол койду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУстановка ракеты-носителя. Архив
Установка ракеты-носителя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космостук ишмердүүлүк жаатындагы кызматташуу боюнча акыркы протоколго Минскиде КМШ өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн VI жыйында кол коюлган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн космостогу кызматташуусу боюнча протоколго жума күнү Минск шаарында кол коюлганын Роскосмос билдирди.

Сариев: илимий институттар мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүүсү керек
Маалыматка ылайык, Россия, Белоруссия, Армения, Казахстан, Кыргызстан, Украина жана Азербайджан өкүлдөрү эл аралык илимий-изилдөө уюм — Бириккен космостук изилдөө институтун түзүүгө макулдашышты. 

Акыркы протоколго КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышкан эки күндүк жыйындын жыйынтыгы менен кол коюлган. 

Макулдашуу КМШнын мындан аркы өнүктүрүү Концепциясында бекитилген артыкчылыктардын эсеби менен түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0