Балдарды мектепке даярдоочу "Наристе" программасы боюнча тренингдер уланууда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды мектепке даярдоо программасынын алкагындагы тренингдер 2015-жылдын апрель айынан тарта өтүп келе жатат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Балдарды мектепке даярдоого багытталган "Наристе" программасы боюнча бала бакча жана мектептен тышкаркы билим берүү адистери үчүн окутуулар улантылып жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

480 саатка эсептелген "Наристе" программасы жаңы стандартта билим ала турган башталгыч класстын балдарына коюлуучу талаптардын негизинде иштелип чыккан. 

Жаш баланын сүрөт тартуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектепке чейинки даярдык боюнча "Наристе" жаңы программасы киргизилет
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-14-ноябрь күндөрү Бишкек менен Ош шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында мектептердеги башталгыч класстардын завучтары жана бала бакчалардын методисттери үчүн эки күндүк тренинг өтөт. Иш-чарага буга чейин "Наристе" программасы боюнча даярдыктан өткөн бала бакча тарбиялануучулары да катышат.

Балдарды мектепке даярдоо программасынын алкагындагы тренингдер 2015-жылдын апрель айынан тарта өтүп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0