Премьер-министр аскердик тарбиянын мааниси жогору экенин баса белгиледи

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин ишмердиги менен таанышуу учурунда.
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин ишмердиги менен таанышуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер лицейинде окууга терең көңүл буруп, дени сак, жогорку маданияттуу, оюу тунук, билеги күчтүү, билими терең жарандар тарбияланышы керектигин премьер-миинистр баса белгиледи.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин ишмердиги менен таанышкан өкмөт башчы Темир Сариев аскердик тарбиянын мааниси жогору экенин баса белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Милдет, намыс, ата мекен. Күзгү аскерге чакыруу
Сариев бул окуу жайдын Куралдуу күчтөрдүн каарман аскерлерди даярдоодо мааниси чоң экенин белгилеп, андагы берилген билимдин жана аскердик тарбиянын сапатын мындан ары жакшыртууга көңүл буруу керектигин билдирди.

Ал ошондой эле, өлкөдө аскердик реформа жүргүзүлүп жатканын белгилеп, анын алкагында аскердик билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча иштер аткарылып жатканын маалымдады.

“Бул лицейде мамлекеттин коопсуздугун жана эгемендигин коргой турган адистер тарбияланат. Мындай жоопкерчилик жана ишеним жүктөлгөнүн ар бир тарбиялануучу аңдап түшүнүшү керек. Ошондуктан, окууга терең көңүл буруп, дени сак, жогорку маданияттуу, оюу тунук, билеги күчтүү, билими терең жарандар тарбияланышы керек”, — деди Сариев.

Ошондой эле аскер лицейдин жетекчилигине окуу жайдын материалдык-техникалык базасына көңүл буруп, имаратындагы кемчиликтерди иретке келтирүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0