Ниязалиева: өлкөдө ВИЧ менен кургак учук боюнча абал кооптуу бойдон калууда

Жазылуу
Вице-премьер ВИЧ боюнча мамлекеттик жана улуттук программалардын бир катар иш-чаралары аткарылбай жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ВИЧ менен кургак учук боюнча абал кооптуу бойдон калып жатканын вице-премьер Дамира Ниязалиева аталган оорулардын алдын алууну каржылоого арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын апрель айында өкмөт бир катар иш-чаралардын планын бекитип, кургак учукка каршы дары-дармек сатып алууга быйыл 30 миллион сом бөлүнгөн.

"ВИЧ менен күрөшүүгө 2016-жылга кошумча 20 миллион сом, ал эми кургак учук дартына каршы 100 миллион сом каралды. Буга карабастан өлкөдө жыныстык жол аркылуу оору жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Үч жыл ичинде ВИЧ менен ооруган адамдар 25 пайызга жогорулаган", — деди Ниязалиева.

Вице-премьер ВИЧ боюнча мамлекеттик жана улуттук программалардын бир катар иш-чаралары аткарылбай жатканын белгиледи. 

"ВИЧ менен жабыркаган адамдарды кеч дарылай баштоо, медициналык мекемелер менен оорунун алдын алуучу программалардын өз ара начар кызматташуусу буга ачык далил", — деди ал.

Ниязалиева өкмөт БУУ башкармалыгынын ВИЧ жаатындагы программаларды каржылоо маселелерин чечүүдө биргелешкен аракеттерди колдой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0