Бутуна ок тийип кармалган Абдырахманов колониянын ооруканасына которулду

Жазылуу
Бүгүн түрмөнүн ооруканасына Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү келип, анын абалы менен таанышып кетишти. Алар Абдырахмановдун денесине тийген октон башка эч кандай залал келтирилбегенин аныкташты.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кармоо учурунда сол бутуна ок тийип жарадар болгон төрт качкын кылмышкердин бири Эдил Абдырахманов операциядан соң Чүй облустук ооруканасынан 47-түзөтүү колониясынын ооруканасына которулганын ЖАМК билдирди.

Кармалган Абдырахмановго милиция меджардам көрсөтүп, замбил менен көтөрүп кетти
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн качып чыккан тогуз кылмышкердин бешөө ошол түнү кармалып, төртөө изин суутуп кеткен. Анын экөө кармоо учурунда жок кылынса, Абдырахманов 22-октябрда "Ала-Тоо" айылынан колго түшүрүлгөн. Эркиндикте калган Итибаев, 23-октябрь күнү Бишкектин "Достук" кичи районунда атайын операциянын натыйжасында жок кылынды.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Абдырахмановдун абалы туруктуу деп бааланууда.

Бүгүн түрмөнүн ооруканасына Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү келип, анын абалы менен таанышып кетишти. Алар Абдырахмановдун денесине тийген октон башка эч кандай залал келтирилбегенин аныкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0