Бишкек — Ош кан жолунда унаалардын тыгыны пайда болду

Жазылуу
Учурда аталган аймакта бороон-чапкын болуп, жол жакшы көрүнбөй унаа кыймылына тоскоолдук жаратып жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 138-чакырымында өз тилкесинен чыгып кеткен жүк ташуучу машина туурасынан туруп калып, унаалардын тыгынын пайда кылганын ӨКМ билдирди.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан боюнча эртең да кар аралаш жаан жаайт
Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта бороон-чапкын болуп, жол жакшы көрүнбөй унаа кыймылына тоскоолдук жаратып жатат.

Бүгүн түштөн кийин Жайыл районунун "Сосновка" пунктунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чек коюлуп, жолго кум, туз себүү жумуштары жүрүп жатат. 

Мындан улам министрлик аталган тарапка жолго чыкпай турууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0