"Кыргыз китеп" ишканасынын директору Россиянын жараны болуп чыкты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПаспорта гражданина РФ. Архив
Паспорта гражданина РФ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кош жарандуулукка ээ адамдын мамлекеттик кызматты ээлешине Кыргызстандын мыйзамы тыюу саларына карабастан, ал жетекчилик кызматка орношуп, өзүнүн жарандуулугу боюнча фактыны жашырып койгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын июль айында "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын директору кош жарандуулукка ээ экенин ИИМ аныктады.

Рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаран Россиядагы үйүнө 47 мигрантты каттаган
Маалыматка ылайык, директордун жарандыгын текшерүү максатында Кыргызстандагы улуттук "Интерпол" борбордук бюросуна сурам жөнөтүлгөн. Кайтарылган жооп аталган жарандын Россиядагы Москва облусундагы Мытищи шаарында катталганын, 2008-жылы Россия Федерациясынын жараны катары паспорт алганы тастыктайт.

Кош жарандуулукка ээ адамдын мамлекеттик кызматты ээлешине Кыргызстандын мыйзамы тыюу саларына карабастан, ал жетекчилик кызматка орношуп, өзүнүн жарандуулугу боюнча фактыны жашырып койгон.

Учурда чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

"Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда Талант Ормушев дайындалган. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0