ЖАМК башчысы 50-түрмөнүн жетекчилигин кызматтан кетирди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак кызамткери. Архив
Абак кызамткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчилер өз ишиндеги орчундуу кемчиликтер тогуз кылмышкердин абактан качуусуна жол берген деген жүйө менен алынышты.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ЖАМК төрагасы Алик Мамыркуловдун буйругу менен 50-түрмөнүн жетекчилиги жумуштан кетип, жеке курамы алмаштырылганын аталган кызмат билдирди. 

Маалыматка ылайык, кызматкерлер ишиндеги олуттуу кемчиликтер тогуз кылмышкердин түрмөдөн качып чыгышына жол бергенинен улам жумуштан бошотулду. 

Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактан качып кармалган дагы бир кылмышкер көз жумду
Өткөн аптанын башында Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкери өлтүрүлүп, дагы бири оор жарадар болгон. Ал беш күндөн кийин ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан каза болушту.

Эркиндикте жүргөн эки кылмышкерди издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0