Окумуштуулар: ооз менен катуу аба жутуп, тез-тез кайра дем чыгаруу эстен танып калуудан сактайт

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМед айым. Архив
Мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Словакиянын кардиологдору эсин жоготуп бара жатканда ооз менен аба жутуп, тез-тез кайра дем чыгаруу кез-кез эстен танып калчу өнөкөтү бар адамдарга өзүн кармоого жардам бере турганын аныкташты.

БИШКЕК, 21-окт. – Sputnik. Европалык кардиологдор кызыктуу эксперимент өткөрүп, мээде кан басымы кескин төмөндөп кеткенде эсин жоготуп коюудан тез-тез дем чыгарып, абаны ооз менен жутуу сактап каларын далилдешкен. 

Мындай тажрыйбанын натыйжалары туурасында Марта Баволарованын (Marta Bavolarova) жетекчилиги алдындагы Кошице университетинин (Словакия) окумуштуулар тобу Европанын кардиологиялык коомунун Венада өтүп жаткан конференциясында билдирди. 

"Изилдөөнүн жүрүшүндө ага катышкандар отурган жеринен кескин тура калганда кан басымы дароо түшүп, тамырларынын кагышы жайлап, эстерин жоготкудай абалга келишкен. Бирок алар токтоосуз эле оозу же мурду менен катуу дем алганда, кан басымы төмөндөбөй, эстеринен танган эмес", — деп айтып берет Баволарова.

Студенттер танаписте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүз уктоо адаты "өмүрдү сактап калат" деп эсептейт дарыгер
Изилдөөгө катуу басып койгондон же дагы башка кыймылдан, ошондой эле аба жетишсиз, үп жайларда эсин жоготуп коюучу бир топ жашка барып калган эки аял катышкан. Окумуштуулар аларды мындай коркунучтуу абалдан өзүнчө бир "космонавттын креслосунун" жардамы менен арылтуу аракетин жасашкан.

Бул тегеренме креслого бейтаптар жатканда ал дарыгерлердин командасы менен айланып барып кескин тик абалга келет. Мындай "процедура" учурунда Баволарова жана анын жардамчылары изилдөөгө катышып жаткандардан дем алуу, дем чыгарбоо, терең же жеңил дем алуу сыяктуу ар түрдүү аракеттерди жасоону өтүнүшкөн. Ал эми "космонавттын креслосуна" орнотулган кан басымын жана тамырлардын кагышын өлчөгүчтөр бейтаптын абалындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүп турган.

Бул тажрыйбалар ордунан кескин тура калганда же так турар алдында катуу дем алуу эсти тандырууга алып келүүчү көрүнүштөрдөн толук куткара турганын далилдеген. Окумуштуулардын айтымында, адамды мындай жаман абалга биздин нерв системабыздагы бузулуулар алып келет. 

Адатта, активдүү кыймыл-аракеттин күчөшү жана стресс биздин организмибизди болгон күчүн топтоого мажбурлап, кан басымын жана жүрөктүн кагышын жогорулатат. Бирок айрым учурларда бул реакцияны башкаруучу симпатикалык деп аталган нерв системасы убактылуу "өчүп калышы" мүмкүн. Ошол себептен организмди анын "терс түгөйү" – парасимпатикалык нерв системасы башкарып, мээнин кан тамырларын кеңейүүгө, ал эми жүрөктү өз кагышын азайтууга мажбурлайт. 

Спектаклдан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар эмне үчүн психикалык оорулуулардын көзүнө кош көрүнө турганын аныкташты
Ошол себептен мээге кандын агымы кескин кыскарып, кандын айлануусу кайра өз калыбына келмейинче ал дээрлик "өчүп" калат да, адам эсин жоготуп коёт. Тажрыйбаны баштаганга чейин бул процессти иликтеп жатып, Баволарова жана анын командасы "өчүп" калган симпатикалык нерв системасын ал жооп бере турган иш-аракетти жасоо менен кайра жандандырууга болот деген божомолго келишкен. Дал ушул ойду алар "космонавттын креслосунун" жардамы менен текшеришти.

Нерв системасын кайра ушинтип иштетүү ою өзүн актап, эксперименттин катышуучулары чын эле эстен тануу өнөкөтүнөн арылышты. Алар эч кандай дары-дармек же атайын жабдууларды колдонгон эмес. Жакынкы убактта Баволарова жана анын кесиптештери мындай ыкманын иштешин көбүрөөк сандагы ыктыярчылар менен тешкерип көрүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0