Бишкекте биометрикалык маалымат чогултуу жараяны жанданды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалымат чогултуу иштери. Архив
Биометрикалык маалымат чогултуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында жарандардан биометрикалык маалымат кабыл алуу иши жанданганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада 11 атайын пункт иш алып барууда. 26-октбярдан баштап мындай жайлар республиканын бардык аймагында ачылат. 

Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: биометриянын башка функциялары ишке киргизилет
Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталып, бир жыл бою жүрдү. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. Жалпы жонунан 3 миллион 641 кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын алуу болжолдонууда.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого карата жеке маалымат чогултуу убактылуу токтотулган. 

Буга чейин биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жарандардын биометриянын башка функциялары жакын арада ишке киргизиле турганын белгилеген.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биометрияны пайдалануу менен өткөрүлгөн шайлоого карата жеке маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 813 миңге жеткен. Алардын 2 миллион 670 миң 480и алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укук алган. 

Биометрикалык маалымат акысыз тапшырылат. Мында жарандын паспорту көрсөтүлүүгө тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0