БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы Токтоналиев көчөсүн бойлой кеткен Ата-Түрк сейил багынын түштүк аймагына 345 бак отургузганын мэрия билдирди.
Шаардын Октябрь районунун бөлүм кызматкерлери авариялык абалдагы жана көркүн жоготкон бактарды текшерип, аларды кыюу чечими кабыл алынган.
Мындан тышкары, Токтоналиев менен Шакиров көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта жаш бутактар буталды.
Эски бактардын ордуна кышында туя менен кызыл карагайларды отургузуу каралган. Бардыгы болуп 1,2 гектар жерге 700 көчөт отургузулат. Учурда "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери сугаруу үчүн арыктар казууда.
Бак отургузуу иштерине сейил бакка жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары жардам берүүдө.