Токтогулда салык башкармалык жетекчисинин орун басары орой тартиби үчүн кызматтан кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЧиновниктин иш орду. Архив
Чиновниктин иш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кызматтын жетекчиси Замирбек Осмонов орун басарын кызматтык териштирүүдөн кийин чоң жумуштан алуу тууралуу буйрукка кол койгон.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин бузгандыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шамшарбек Караев жумуштан алынган аталган кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка МКС төрагасы Замирбек Осмонов Караевдин кол алдындагы кызматкерлерге одоно мамиле жасап, орой сөз менен урушуп жатканы түшүрүлгөн видео жарыялангандан кийин кол койгон.

"Караевдин жүрүм-туруму мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам Осмонов аймактык салык башкармалыктарынын жетекчилерине эмгек тартибине көзөмөлдү күчөтүп, мамлекеттик кызматкерге коюлган талаптар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0