Терроризм үчүн "отургандар" башка кылмышкерлерге терс таасир тийгизет

© Sputnik / Андрей СтенинАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда биринчи жолу диний экстремизм жана терроризм үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган жарандарды башка кылмышкерлерден обочо кармоо максатында атайын комплекс курулууда.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Диний экстремизм жана террористтик аракеттери үчүн соттолгон жарандардын таасиринен башка кылмышкерлердин радикалдашып жатканын вице-премьер Абдырахман Маматалиев билдирди.

ИИМ качкын кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн 1 млн. сом сыйлык берет
Маалыматка ылайык, бүгүн, Маматалиев Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан 19-абагындагы өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн камера тибиндеги атайы комплекстин курулушу менен таанышты.

Вице-премьер кыдыруу учурунда аягына чыккан бөлүктөрдүн курулушун көрдү. Эки бөлүктөн тышкары, жолугушуу үчүн атайы өзүнчө жай курулуп жаткандыгы белгилүү болду.

Маматалиев атайын комплекс терроризм жана башка кылмыш иштери үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган жарандарды кармоого ылайыкталганын белгилеп өттү.

"Диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон жарандар менен башка кылмышкерлердин чогуу жаза өтөөсү радикалдашууга таасир этип жаткан фактор. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, кыргыз өкмөтү да аталган кылмышкерлерди өзүнчө кармоо долбоорун ишке киргизип жатат", — атка минер.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен вице-премьер тийиштүү мекеме жетекчилерине атайын комплекстин курулушун тез арада бүтүрүү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0