Ичип кеткен аялга баласы кайтарыла элек

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив
Балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай учурда ата-энеге бала үчүн тийиштүү шарт-жагдай түзүп берүүгө жарым жыл убакыт берилет. Эгер бул убакыт аралыгында эч кандай өзгөрүү байкалбаса, акимиаттын кам көрүү жана көзөмөл бөлүмү жарандарды ата-энелик укуктан ажыратуу талабы менен сотко кайрылат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тийиштүү шарттар түзүлбөгөндүктөн, эки жашар Жанер Тыналиев ата-энесине кайтарыла электигин Свердлов районунун ИИБ жашы жете элек балдар боюнча инспектору Канат Маймылов билдирди.

Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди
Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Бишкекте эки жашар Жанер Тыналиев жоголуп кеткен. РИИБдин маалыматы боюнча, баланы ичип жүргөн энеси кай жерге таштаганын билбей калган. Бир нече убакыттан кийин наристе балдар үйүнөн табылган.

Инспектордун айтымында, баланын энеси арак ичкенин токтото элек, ал эми атасы баланын өсүүсү үчүн керектүү шарт түзүп берүүгө дараметсиз болууда. 

"Наристе учурда ымыркайлар үйүндө. Ата-эне бала үчүн да, өзүлөрү үчүн да тийиштүү шарттарды түзүүсү керек. Тилекке каршы, Жанердин ата-энеси талапты орундаткан эмес", — деди Маймылов.

Ал мындай учурда ата-энеге бала үчүн тийиштүү шарт-жагдай түзүп берүүгө жарым жыл убакыт берилерин белгиледи. Эгер бул убакыт аралыгында эч кандай өзгөрүү байкалбаса, акимиаттын кам көрүү жана көзөмөл бөлүмү жарандарды ата-энелик укуктан ажыратуу талабы менен сотко кайрылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0