"Калыс-Ордо" жаңы конушу жаңы мектептүү болот

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Калыс-Ордо" жаңы конушундагы курулуп жаткан мектеп. Архив
Калыс-Ордо жаңы конушундагы курулуп жаткан мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактагы мектеп 760 орунга эсептелген. Учурда мектептин биринчи жана экинчи блоктору үчүн темир бетон плиталары орнотулуп жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкектин жака-белиндеги "Калыс-Ордо" жаңы конушунда жаңы мектептин курулушу башталганын мэрия билдирди.

Быйыл Кыргызстанда пландалган 25 мектептин ордуна 70 мектеп курулат
Маалыматка ылайык, курулуш иштери Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Мектеп 760 орунга эсептелген.

Буга чейин аталган башкармалык бир катар иштердин аягына чыккан. Ал эми учурда мектептин биринчи жана экинчи блоктору үчүн темир бетон плиталары орнотулуп жатат.

Мектеп кытай грантынын алкагында курулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0