Мэрия эртеңден баштап үйлөргө жана соцмекемелерге жылуулук бере баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи кезекте жылуулук бала бакчаларга, ооруканаларга жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштай турганын мэрия билдирди.

Беште оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күз-кыш мезгилине даярдык ишине 3,8 миллиард сом бөлүндү
Маалыматка ылайык, мындай чечимди мэр Кубанычбек Кулматов кабыл алган. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана бир катар социалдык коргоо мекемелерине берилет. Анда кийин турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана жылуулук үчүн карызы жок суук шартта иштөөгө даяр объектилер камсыз болот.

"Улуттук электр станциялары" ачык акционердик коому жалпы суммасы 1 миллиард 260 миллион сомго 450 миң тонна көмүр жеткирүүсү каралган "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзгөнүн белгилейт. 

Күз-кыш мезгили үчүн бардыгы болуп 1 миллион 400 миң тонна көмүр керектелет. Отун үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап 2016-жылдын март айына чейин жеткирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0