Балдар үчүн чыгарма жазган акын-жазуучулардын мыктылары аталды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгын тапшыруу маалында.
Премьер-министр Темир Сариев кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгын тапшыруу маалында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле кыргыз тилине балдар адабиятын которууга түрткү берүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Азыркы муундун китепке болгон сүйүүсүн күчөтүү үчүн биргелешкен аракет зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгын тапшыруу маалында билдирди.

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын китеп окуу жөндөмүн жакшырткан телеберүү ачылат
Маалыматка ылайык, быйыл балдар үчүн мыкты поэзиялык чыгарма номинациясында балдар акыны Байтемир Асаналиев табылды. Мыкты прозалык чыгарма жаатында жазуучу Жапарали Осмонкулов сыйланса, ал эми дүйнөлүк балдар адабиятын кыргыз тилине которуу боюнча жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай мыкты аталды.

Сариев сыйлык ээлерин куттуктап, балдарга татыктуу тарбия берүүдө адабияттын мааниси абдан чоң экенин белгиледи.

"Жеткинчиктерге татыктуу тарбия берүү жана китепке болгон сүйүүсүн арттырууда сиздердин эмгегиңиздер чоң. Бул жаатта баарыбыз биргелешип аракет көрүп, азыркы муундун китепке болгон сүйүүсүн күчөтүүбүз керек. Өкмөт бул тармакта балдар жазуучуларынын эмгегин баалап, аларга кам көрөт", — деди өкмөт башчы.

Кыргыз жазуучусу Чынгыз Торекулович Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун белгисиз жактарын окурмандарга айтып бере турган китеп чыкты
Өз кезегинде сыйлыкка татыктуу болгон акын-жазуучулар премьер-министрге ыраазычылык билдирип, балдар адабиятын өнүктүрүү жаатында эмгегин уланта берерин белгилешти.

Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле кыргыз тилине балдар адабиятын которууга түрткү берүү максатын көздөйт. 2009-жылдан бери сыйлык үч номинацияда тапшырылып, жеңүүчүлөргө атайын төш белги жана 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0