Сарпашев: айылдар жөлөк шаарлардын өнүгүшү менен алдыга жылат

Жазылуу
Биринчи вице-премьер айылдарды өнүктүрүүдө бир катар көйгөйлөр бар экенин, бул жалпы мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келерин белгиледи.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймактары жөлөк болуучу шаарлардын өнүгүшү аркылуу алдыга жылып өсө турганын биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев "Регионалдык өнүгүүнүн шаарлары" программасын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан учурда аймактарды өнүктүрүүдө бир катар кыйынчылыктар бар. Бул өз кезегинде мамлекеттин жалпы өнүгүүсүн солгундатууда. 

"Учурда айыл өкмөттөрдүн 84 пайызы дотацияда отурат. Экономикалык саясаттын тармактык принциптери натыйжа берген жок. Мындан улам айылдардын өнүгүүсү үчүн борбор боло турган жөлөк шаарларды өнүктүрүү аркылуу аймактарды алдыга жылдыруу модели иштелип жатат. Бул коюлган максаттардын ишке ашуусу үчүн анык бир аракеттерди жана анын механизмдерин камтыйт", — деди Сарпашев.

Биринчи вице-премьер комиссия үч айлык мөөнөттө "Регионалдык өнүгүүнүн шаарлары" программасынын долбоорун өкмөттүн кароосуна жибериши керектигин баса белгилеп, анын ишке ашуучу үчүн комиссиянын ар бир мүчөсү жоопкер экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0