"Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" футбол аянтчасы үчүн берген газон чырына чекит коюлду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол аянтчасы. Архив
Футбол аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчылардын атын саткан башка эле кишилер Кочкор районунун Кара-Суу айылына курула турган футбол аянтынын газонун алып кетүүгө аракет кылганын айыл тургундары маалымдашты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Талашка түшкөн футбол аянтчасынын газону боюнча талаш оң жагына чечилгенин "Кочкор Кара-Суу жаштар уюму" коомдук бирикмесинин өкүлү Урмат Батталов Sputnik агентигине билдирди.

Айыл жаштары: "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы сөзүнө турбай жатат
Белгилей кетсек, шайлоо аяктагандан кийин "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын өкүлүбүз деген кишилер Кочкор районунун Кара-Суу айылына келип футбол аянтчасынын газонун жүктөп кетүүгө аракет кылышканын айыл тургундары билдирген

Батталовдун айтымында, шайлоо алдында "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Аскар Салымбеков футбол аянтчасын белек кыларын айткан.

"Шайлоо аяктагандан кийин анын атын сатып башка эле кишилер келип, аянтчага төшөлө турган газонду жүктөп кетебиз дешкен. Айыл жаштары каршылык көрсөткөнбүз. Салымбековдун өзүнө байланышып, окуя тууралуу айттык. Ал бул окуя боюнча маалыматы жок экенин билдирип, талаштуу маселеге өзү чекит койду", — деди ал.

Аталган партиянын тең төарагасы Адахан Мадумаров бул окуяга тиешеси бар делген киши ким болсо да, партиялык чоң жаза аларын маалымат жыйында билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0