Мэрия имараттардын сыртын жарыктандырууда жаңы технологияларды колдонот

© пресс-служба мэрии БишкекаАла-Тоо аянтындагы жарыктандыруу. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жарыктандыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлүш сынактан ийгиликтүү өткөн. Учурда жарыктандыруунун схемасы аяктоо алдында турат. Долбоордун жалпы суммасы аныкталды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы имараттардын маңдай бетин жарыктандыруу үчүн диоддук прожекторлор колдонула турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жарыктандыруунун мындай түрү татаал эффектилерди пайдаланууга жана электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө болот. 

"Жарык динамикасы DMX системасы аркылуу ишке ашат. Түс тандоо мүмкүнчүлүгү борбордук аянттын өзгөчө образын түзүүгө шарт түзөт. Атайы программага ылайык түзүлүш улам өң өзгөртүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Системаны алыстан туруп да башкарууга болот. Корпус жогорку деңгээлде корголуп, кандай гана аба ырайы болбосун, жөнгө салынат.

Буга чейин түзүлүш сынактан ийгиликтүү өткөн. Учурда жарыктандыруунун схемасы аяктоо алдында турат. Долбоордун жалпы суммасы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0