Бишкекте жаштар олимпиадасы өтөт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЭкзамен учурунда. Архив
Экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим сынагына катышуу үчүн сөзсүз түрдө http://olymp.hse.ru/inter/ сайтынан каттоодон өтүшү керек.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбор калаада 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Эл аралык олимпиада өтөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Экономиканын жогорку мектеби" деп аталган улуттук изилдөө университетинин олимпиадасына жогорку мектептин окуучуларынан тарта 30 жашка чейинкилер катыша алат. 

"Олимпиадада жеңишке жеткендер өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде "Экономиканын жогорку мектеби" деп аталган улуттук изилдөө университетинде акысыз окуй алат", — деп билдирди маалымат кызматы.

Билим сынагына катышуу үчүн сөзсүз http://olymp.hse.ru/inter/ сайтынан каттоодон өтүш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0