Байкоочу кеңеш: түрмөлөрдө коопсуздук начар болгондуктан, кылмышкерлер качып атат

Жазылуу
12-октябрга караган түнү Нижный Нооруз айылындагы №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, үч кызматкерди өлтүрүшкөн. Алардын бешөө атайын операция учурунда кармалган.

БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Учурда өлкө аймагындагы түрмөлөрдүн коопсуздугу жана абалы начар болгондуктан, кылмышкерлер качып кетип атат. Мындай пикирин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова маалымат жыйынында билдирди. 

"Мындай окуянын болушу күтүүсүздүк деле болгон жок. Бул болушу ыктымал болгон көрүнүш эле", — дейт ал.

ЖАМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке кантип чыкканын айтып берди
Себеби түрмөлөрдүн динамикалык коопсуздугу өтө начар, алар совет доорунда курулгандыктан коопсуздук талаптарына толук жооп бербейт деп кошумчалады.

Өмүракунованын айтымында, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) иштегендердин маянасы башкаларга салыштырмалуу өтө аз. Андыктан алардын социалдык абалын жакшыртуу, абак жайлардын коопсуздугун күчөтүү боюнча мамлекет реформаларды жүргүзүшү керек.

"Республикалык бюджеттен кызматкерлердин маянасына, кылмышкерлердин тамагына жана күндөлүк керектелүүчү нерселерге гана бөлүнөт. Эгер биз түрмөнүн коопсуздугун камсыздай албасак, ал мамлекеттин коопсуздугуна кесепетин тийгизет", — дейт ал.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Ольга Юндун айтымында, абак жайларындагы кызматкерлерге жана кылмышкерлерге психологиялык жардам берилиши керек.

"Бүгүнкү күнү түрмөлөрдө психологиялык көмөк көрсөьтүүчү бөлүмдөр жок. Болсо да, ал кызматтарда чыныгы адистер иштебейт. ЖАМКтын кызматкерлери тирүү кишилер менен иш алып барат. Андыктан аларга психологиялык жардам берүү кажет", — деди ал.

Юн абактарда жаткандар менен психологиялык жана социалдык адаптациялоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, түрмөдөн чыккандар жай турмушка көнө албай, кайтадан эле кылмышка барып жатканын белгиледи.

Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0