Качкан кылмышкерлер жарадар кылган ЖАМК кызматкеринин абалы оор

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүОперация кылчу жай. Архив
Операция кылчу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качкан кылмышкерлерге жолтоо кылууга аракет кылган ЖАМК кызматкери башынан жаракат алган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан түрмөдөн качкан кылмышкерлерге жолтоо кылууга аракет кылган Жаза аткаруу мамлекеттин кызматынын өкүлүнүн абалы оор экенин Sputnik агенттигине ЖАМК маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

12-октбярга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүргөн. Учурда анын бешөө кармалды.

Никсдорфтун айтымында, ооруканага жаткырылган кызматкер башынан жаракат алган.

"Качкан кылмышкерлер аны башка аябай катуу урушкан. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Бирок абалы абдан эле оор", — деди ал.

Учурда ЖАМК кызматкери Чүй облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0