Мыйзамсыз күйүүчү майлар күн көрүүнүн жолу же көмүскө экономиканын өнүгүшү

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүКанистрага бензин куюу. Архив
Канистрага бензин куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын нефтетрейдерлери күйүүчү майдын акыркы айларда аз сатылып жатканын белгилеп, муну коңшулаш Казакстандан мыйзамсыз бензин жана дизелдик май ташуу күч алышы менен байланыштырышат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чек ара аймактарындагы айылдардын жол боюндагы соодагерлери августтан баштап бөтөнчө бир продукцияны сунуш кылууда. Бул дарбыз-коон, калемпир-помидор эмес, канистрлерге, бактарга жана башка чака-челектерге куюлган бензин менен дизелдик май. Мындай көп түрдүү продукция ЕАЭБдин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында бардык чектөөлөрдүн жоюлушу менен пайда болду.

Соодагерлер күйүүчү май Кыргызстанга караганда Казакстанда арзан болушунан пайдаланып жатышат. Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, азыр нефть продуктулар рыногунда экономиканын көмүскө бөлүгү өрчүп, расмий нефтетрейдерлердин соодасы азайганынан мамлекеттик казынага салыктын түшүүсүн кыскарата турган коркунучтуу кырдаал калыптанды. 

Өкмөт кармаш жолунда 

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунай заттарынын салыктарын азайтууну сунуштоодо
Сентябрда эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Казакстандан Кыргызстанга документсиз бензин жана күйүүчү май ташып келе жаткан 17 машина кармалган. Алардын жалпы салмагы 285 тонна болчу. Бирок чынында республикага эсепсиз алынып келип жаткан нефть продуктулары мындан бир топ көп. Аталган кызматтын башчысы Бакыт Ашировдун айтымында, күйүүчү майды менчик унаалар менен ташуу үчүн машинанын бактары кайра жасалып, чакан автобустарга эки тоннага чейин май бата турган цистерналар орнотулууда. 

Ушуга байланыштуу Экономика министрлиги жеке адамдар үчүн документсиз 20 литрден ашык күйүүчү май ташууга тыюу салуучу токтом чыгарган. 

Ага ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:

 

  • тийиштүү документтери жок май ташууга;
  • алынып чыккан өлкөдө нефть продуктуларын экспорттоого тыюу же чектөө болсо;
  • нефть продуктуларын коопсуз ташуу эрежелери бузулса;
  • ташуучунун же\жана жүктү алуучунун салыктык каттоосун тастыктай турган документ жок болсо.

 

Ошентип, өкмөт күйүүчү майды мыйзамсыз ташып кирүүнү токтотуп, расмий нефтетрейдерлердин сатык көлөмүн кайра калыбына келтирүү ниетинде.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майды алып келүүдө акциздик салык арзандайт
Мыйзамсыз соода үчүн май куюучу жайларда кечки саат 19.00дөн таңкы 9.00гө чейин май куйчу бактарды толтурууга коюлган тыюу дагы бир сокку болот.

Экономика министрлиги күйүүчү майларды импорттоого карата бажы акцизин беш миңден үч миң сомго чейин кыскартуу сунушун талкууламакчы. Бул анын Кыргызстандагы баасын казактардыкына теңдештирүүгө мүмкүндүк берет.

"Бишкек нефть компаниясы" ЖАКтын ("Роснефть") башкы директору Александр Ниязовдун айтымында, нефтетрейдерлер бир ай мурун чекене жана дүң сатуулар түшүп кеткенде эле тынчсызданганын билдиришкен болчу. 

"Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келүү сатуунун көлөмүн 20 пайызга түшүрүп жиберген, бул абал азыр да сакталууда. Эгер өкмөт эч чара көрбөсө, анын көлөмү 40 пайызга чейин түшүп кетиши мүмкүн. Бул мамлекеттик бюджетке кете турган салык төлөмдөрүнө (акциздерге жана ҮБСке) терс таасир тийгизет", — деди ал.

Ниязов май куюучу жайларды кечкисин май менен толтурууга тыюу салуу жакшы ой, себеби мыйзамсыз күйүүчү майлар түнкүсүн куюлат деп эсептейт. 

"Нефть базалары кечки саат 17.00гө чейин иштеп, андан кийин нефть продуктулары сатылбайт. Салык кызматы АЗСтердин май толтуруп алууларын көзөмөлгө алышы зарыл, бул биринчи кезекте ошол станциялардын кызыкчылыгы үчүн керек. Себеби көзөмөлдүн аркасы менен гана салык топтоолорду жакшыртууга болот", — деди ал.

Компаниянын башчысы бензинди импорттоого акцизди тоннасын үч миң сомго чейин эмес, 1,5 – 2 миңге чейин түшүрүү керек деген ойдо. 

"Мисалы, ушундай эле акциз Казакстанда 4,5 миң теңге же 20 доллар, Кыргызстанда болсо ал 72 долларга жетет. Дал ошол себептен нефть продуктулары бизде кымбат. Акциз төмөндөсө, эки өлкөдө күйүүчү майдын баасындагы контрабандалык ташууга негиз болуп жаткан айырма кыскармак", — деди Ниязов.

Күн көрүү үчүн контрабанда

Жол жээктеринде бензин менен күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткан адамдар муну жыргаганынан жасаган жери жок. Раушан Макеева бул иш менен августтан бери алектенет. Анын айтымында, ал ушинтип нанга акча таап жатат.

"Мен бул канистраларды өзүм көтөрүп келип, жолдо турам. Күнүнө тапканым 400 сом, бул аз болсо да, күн көргөнгө тыгынчык болуп жатат. Мен жакшыраак иштен качмак эмесмин, бирок биздин айылдарда деги эле жумуш жок. Менин дүкөнүм арзыбаган эле киреше берет", — дейт ал.

Күн сайын Макеева 40-50 литр бензинди чекене сатат жана арзан сатканы үчүн элдер ага ырахмат айтышат. 

Бензинди дайыма колдон алып жүргөн Таалай Жумабеков аттуу автосүйүүчү Sputnik агенттигине контрабандалык бензин же солярка май куюучу жайлардагыдан эч айырмаланбайт деди. 

"Ал тургай, бул сатуучулардын майлары сапаттуураак, башкысы, арзан түшөт. Алардын туруктуу жана текшерилген сатып алуучулары бар, ошон үчүн кошмолоп жиберишпейт деп ойлойм", — деди ал. 

Жумабековдун пикиринде, салыкты төмөндөтүү жана май куюучу жайларда баанын бир аз кыскарышы контрабандалык сатуучуларга атаандаштык кыла албайт жана алардын товарын сатып алуучулар качан болсо табылат. 

Жардамга!

Sputnik менен болгон маегинде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов мыйзамсыз ташып келүүчүлөргө каршы күрөштү ЕАЭБдин чек арасы ачылар замат баштоо керек болчу деди. 

Сентябрь нефть продуктуларынын импорттук көлөмү августка караганда 46,8 миң тоннага, өткөн жылдын сентябрына караганда 36 миң тоннага кыскарган. 

"Натыйжада мамлекеттик бюджет 210 миллион сом (100 миллион акциздик салык жана 110 миллион ҮБС боюнча) албай калды", — деди ал.

Куловдун пикиринде, эгер нефть продуктулар рыногунда абал өзгөрбөсө, мамбюджет жылдын аягында 1 миллиард сомдон куру жалак калат. 

"Бул — эмгек акы, пенсия, социалдык жөлөк пулдар. Эгер мамлекет акциздин баасын кыскартса, бензиндин баасы арзандайт, себеби анын өздүк баасы 1 сомдон 5 сомго чейин түшөт да", — деп сөзүн жыйынтыктады Кулов.

Нефть продуктулар рыногунда абалды кескин өзгөртүүчү токтомдун долбоорун өкмөт өзүнүн жакынкы отурумунда талкууламакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0