Бишкектин айрым райондорунда төрт күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Компания көгүлтүр от түтүктөрүндөгү газ чыккан жерлерин оңдоо жана калыбына келтирүү максатында өчүрүлүп жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда төрт күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром — Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы 12-16-октябрь күндөрү Эркиндик, ЧЧК, Элебесов жана Щербаков көчөлөрү менен кесилишкен аймакта болбойт.

Компания көгүлтүр от түтүктөрүндөгү газ чыккан жерлерин оңдоо жана калыбына келтирүү максатында өчүрүлүп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0