Башкы прокуратура Хоменюкту экстрадициялоо маселесин кайрадан көтөрөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1992-жылдан 2009-жылга чейин "Кумтөр" боюнча келишимдерди түзүүдө коррупциялык аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон Хоменюктун иши учурда кароодо, аны сыртынан камакка алуу боюнча соттун чечими чыгып, эл аралык издөөгө алынган. Шаршемби күнү ал боштондукка чыккан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын "Кумтөр" компаниясынын мурунку жетекчиси Леонард Хоменюкту Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы Болгариянын Видин аймактык сотунун чечими менен четке кагылганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме Тышкы иштер министрлиги аркылуу болгар сотунун чечимин расмий тастыктоочу маалымат сураган. 

"Кумтөрдүн" тагдыры күздө чечилмей болду
Мында Хоменюктун Болгариянын аймагынан кармалышынан кийин Башкы прокуратура тарабынан аны кылмыш жообуна тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы айтылган. Бул аракет бардык далил материалдар менен коштолуп, болгар тарапка берилген.

1992-жылдан тарта 2009-жылга чейин "Кумтөр" боюнча келишимдерди түзүүдө коррупциялык аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон Хоменюктун иши учурда кароодо, аны сыртынан камакка алуу боюнча соттун чечими чыгып, эл аралык издөөгө алынган. Шаршемби күнү ал боштондукка чыккан.

Хоменюктун жайгашкан жери тууралуу жаңы маалымат пайда болуп же чет мамлекетте кармалса, Башкы прокуратура анын Кыргызстанга экстрадицияланышы боюнча маселени кайра көтөрүп чыгарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0