Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүү эмдиги жылдын май айына жылдырылды

Жазылуу
Октябрь айында өткөрүлгөн парламенттик шайлоо, ага даярдык иштери учурунда мамлекеттик деңгээлде өтө турган иш-чаралар токтотулган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Асан бий уулу Алымбек датканын 215 жылдыгы эмдиги жылы май айында өткөрүлө турганы вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдындагы уюштуруу комитеттин жыйынында белгилүү болду. 

Буга чейин кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, аны бекемдөөгө зор салым кошкон Алымбек даткага арналган иш-чараны 2015-жылдын соңунда өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыккан

Уюштуруу комитети өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам даярдык токтоп турганын, эми кайра жанданарын билдирди.

Маматалиев: Алымбек датка кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотууга зор салым кошкон
Жыйында иш-чараны өткөрүүгө жооптуу министрликтер менен мекемелерди отчеттору угулуп, иш-аракеттердин планы талкууланды. Анда айрым пункттар каражаттын жоктугунан ишке ашпай жатканы белгиленген. 

Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тийиштүү даярдыктарды көрүп, конокторду тартуу үчүн туристтик мезгилдин ачылышын утурлай, мамлекеттик ишмер Алымбек датканын 2015 жылдыгын 2016-жылдын май айында өткөрүү чечими кабыл алынды. 

Алымбек датка 1800-жылы Алай аймагында туулган. Ал жаш кезинен мамлекеттик иштерге жакындан аралашып, 1827-1862-жылдар аралыганда Кокон хандыгындагы баардык олуттуу окуялардын катышуучусу болгон. Ошону менен бирге, ал өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө саясатын жүргүзгөнү белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0