Таласта жаранга мыйзамсыз ыйгарылган жер айыл өкмөтүнө кайтарылды

© Sputnik / Таалай ОроскуловТалас облусуна кириш. Архив
Талас облусуна кириш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылдын 8-июлунда Талас облусунун райондор аралык сотунун чечими менен айылдын борборунда жайгашкан 0,31 гектар жер жергиликтүү тургунга берилген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында мамлекеттик жер жеке жактарга мыйзамсыз  берилген факты аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.

Ыплас суулардан тазалоочу жайлардын курулушу каралган жерлер үй курууга бөлүштүрүлүп кеткен
Маалыматка ылайык, 2011-жылдын 8-июлунда Талас облусунун район аралык сотунун чечими менен айылдын борборунда жайгашкан 0,31 гектар жер жергиликтүү тургунга берилген. 

Кара-Буура райондук прокуратуранын текшерүүсүнүн натыйжасында, мыйзамсыз аракет аныкталып, район аралык соттун чечимине кассациялык кат берилген. Мындан улам аталган соттун чечими жокко чыгарылып, жер аянты Кара-Буура айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0